08:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өсүмдүк майы менен шекер баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө карай бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди:

1) өсүмдүк күн карама майы;
2) кум шекер.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Экономика жана финансы министрлигине кабыл алынган чечим тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Чечимге премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар