00:51
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткенде каза болгон жарандардын үй бүлөлөрү үчүн үй курулуп баштады

Баткенде каза болгон жарандардын үй бүлөлөрү үчүн үй курулуп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.

Турак үйдүн курулушу ата мекендик «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы тарабынан башталды. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды.

Маалыматка караганда, үйлөр каза болгон аскер кызматкерлеринин жана жарандардын үй-бүлөлөрүнө бөлүнөт. Ал эми чек арага жакын айылдардагы бузулган үйлөр толугу менен калыбына келет.

Эң көп окулган жаңылыктар