Өлкө боюнча 4 миңден ашык киши учурда вирустан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ооруканада 1 миң 600 бейтап жатат. Анын 25 пайызы оор абалда, 4 пайызы өтө оор абалда.
Үйдөн вируска чалдыккан 2 миң 465 бейтап дарыланууда.
Март айынан бери 97 миң 663 киши вируска чалдыгын, 1 миң 643 бейтап көз жумду.