02:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда 10-май иш күнү деп жарыяланды

9-май майрам күнү жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга жараша, дем алыш күнү майрам күндөн кийинки жумуш күнүнө которулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дем алыш жана жумушчу күн эсептелбеген майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында өкмөт 10-май дем алыш күнүн башка күнгө — 30-августка которуу чечимин кабыл алды.

Тактап айтканда, 10-май (дүйшөмбү) иш күнү деп жарыяланды, ал эми августта Кыргыз Республикасынын жарандары 4 күн катар: 28, 29-август (ишемби жана жекшемби), 30-августта (дүйшөмбү) 10-майдын эсебинен жана 31-августта (шейшемби) Эгемендүүлүк күнү эс алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума