18:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Улукбек Марипов: Талкаланган объектилерди ыкчам калыбына келтирүү маанилүү

Бүгүнкү күндө ар бир талкаланган объектини ыкчам калыбына келтирүү маанилүү. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов 10 жакын турак-жай талкаланган Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Тынч жарандарга карата кол салуу болоорун эч ким күткөн эмес. Мен буга баа бере албасам да, убакыт бардыгын өз ордуна коет. Учурда биз үчүн эң негизгиси — талкаланган обьектилерди калыбына келтирүү. Канча турак-жай жана инфраструктуралык объектилер талкалангандыгы, канча социалдык объектилер өрттөлгөндүгү эсептелип чыкты. Учурда тургундар өз турак-жайларына тезирээк кайтуусу үчүн бардык күч-аракеттер ушул милдетти чечүүгө багытталган», — деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, ар бир айтылган маселе кароосуз калбайт, айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп баштаган.

«Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», — деди ал.

Андан соң Өкмөт башчы Арка-2 айылынын тургундары менен жолугушту, анда айылдыктар тарабынан

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума