07:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстан: Ворухтун окуучуларын кыргыз чек арачылары кармалган эмес

Кыргызстандын чек арачылары Ворух анклавында жашаган мектеп окуучуларын кармаган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, интернетте тарап жаткан «кыргызстандык чек арачылар тажикстандык окуучуларды сабады» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Тажикстан тарап дагы маалыматты четке кагып, анын фейк экенин ырастаган.

«Азаттыктын» тажик кызматы Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алганын жазып чыккан. Интернетте балдардын сабалган сүрөттөрү дагы жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар