Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын 138 учуру катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, белгилүү болгондой 14-апрелде шаардык билим берүү мекемелеринде офлайн жана онлайн режиминде окуу башталган.
26-апрелге карата 14 мектеп аралыктан окутууга өткөн: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 (орто мектеп мекемелери).
2 бала бакча карантинге жабылган: № 12 жана № 112.
Мындан тышкары, 24 мектепте COVID-19дун учурлары катталган, анда мектептер ишин улантууда, 18 класс онлайн окутууга өткөн.