Кыргызстан эң арзан мобилдик Интернет рейтингинде экинчи орунду ээледи. Республикада орто эсеп менен 1 гигабайт мобилдик Интернет $0,15 турат. Изилдөөнү британиялык Cable.co.uk порталы жүргүзгөн, деп жазат «Акчабар».
Эгерде $0,15 сомго которсок, анда 2021-жылдын 22-апрелине карата Кыргыз Республикасында Интернеттин баасы 1 гигабайт үчүн 12,75 сом болот.
Жалпысынан рейтингде 230 өлкөнүн өкүлдөрү бар, биринчи орунда Израиль турат, ал жерде мобилдик Интернеттин баасы болгону $0,05 түзөт.
Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан 1-орунду ээледи, бирликтин калган өлкөлөрүндө Интернет үчүн төлөм төмөнкүдөй тартипте:
- Орусия — бир гигабайт үчүн $0,29;
- Беларусия — бир гигабайт үчүн $0,49;
- Казакстан — бир гигабайт үчүн $0,59;
- Армения — бир гигабайт үчүн $0,76.
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү мобилдик Интернеттин баасы арзан мамлекеттердин катарына кирет, анткени бир гигабайттын баасы $1 ашпайт.