23-24-апрель күндөрү «Шаардык муз тебүү аянтчасы» спорт-оюн-зоок комплексинде балдар жана жаштар арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаардык чемпионаты өтөт, деп билдирет мэрия.
Мелдешке 40тан ашуун жаш спортчулар катышат — бул 18 жаштан жогорку балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Коньки тебүү федерациясы уюштурууда.