USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров күнөөлү деп табылды

13:47, 21 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таировдун ишине байланыштуу соттук отурум өттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 21-апрелиндеги өкүмү менен ал кылмыш ишине күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле ага карата мамлекеттин бюджетине 265 миң сом өлчөмүндө VI категориядагы айып пул төлөөгө чечим чыкты.
 
Эске салсак, Бакир Таиров 2020-жылдын 10-декабрында акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Тергөөгө ылайык, ал Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаган.
 
2021-жылы февраль айында ал мамлекеттин бюджетине 14 миң доллар төлөгөн. Кийин ал сотко чейин өндүрүш иши аяктаганга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика