08:13
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Уу коргошун чыры. Депутаттар мамлекеттик резиденцияны текшерүүнү сунуштайт

Парламент мамлекеттик резиденциянын аймагында уу коргошун кайнатылып жаткан жерди текшерүүнү сунуштайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал уу коргошунду сунуштаган президент менен Саламаттыкты сактоо министрлигине баа берүүнү керектигин айтты.

«Саламаттык сактоо министри коронавирус күчөп жаткан маалда уу коргошунду жарнамалап жатат. Президент менен каерде кайнатып отурганын текшерели. Резиденция мамлекеттик мекеме, өзү билемдик кылбашы керек. Депутаттык комиссияга илимпоздорду чакыралы, эгер туура деген тыянак берсе, тескерисинче, президентке медицина илимдеринин доктору наамын берели», — дейт Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, уу коргошунду Садыр Жапаров өзү мамлекеттик резиденциянын аймагында даярдап бейтаптарга берүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар