17:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Айдаркен сымап комбинатынын ишин жандантуу аракеттери көрүлүүдө

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев жана энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев баштаган комиссия Айдаркен сымап комбинатында жумушчу сапар менен болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер комбинаттын ишмердүүлүгүн жандантуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Учурда комбинаттын негизги көйгөйү, суу басып калган шахтаны тазалоо, Социалдык фонд, газ, электр энергиясына болгон карыз маселесин чечүү.

Учурда комбинатта 350гө жакын жергиликтүү тругундар жумуш менен камсыз болгон. Эгер комбинаттын шахтасынын негизги бөлүгү ишке кирсе, жумушчулардын санын 1000ге чейин жеткирүүгө шарт түзүлөт.

Түзүлгөн кырдаалга карабай, аталган тоо кен ишканасы 2021-жылдын биринчи кварталында белгиленген планды 130%га аткарган. Ал эми 2020-жылы жалпы 80млн сомдук продукция өндүрүшкөн. Комбинат жетекчилиги суу басып калган негизги шахталарын иштетүү менен, жылына болжол менен 300 млн сом киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгилешет.

Жумушчу сапардын алкагында жетекчилер комбинатта буга чейин иштеген ата мекендик инвестор «Северсталь» компаниясы менен кызматташууну кайра кароо жана республикалык бюджеттен жеңилдетилген ссуда берүү зарылдыгына токтолушту.

Учурда Айдаркен сымап комбинаты, сымап жана сурьма кендерин өндүрүп, Россия, Түркия жана араб өлкөлөрүнө экспорттоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар