08:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Көк-Жар» жаңы конушу канализацияга туташтырылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы «Көк-Жар» жаңы конушуна канализация тармагын курууга тендер жарыялайт.

2021-жылга карата курулуш долбоорлорунун титулдук тизмесине ылайык, «Магистралдык канализация тармактарын курууга капиталдык салымдар» беренеси боюнча, «Көк-Жар» жаңы конушунун № 20 кварталына канализация тутумун тартуу пландаштырылууда.

Курулуш иштеринин сметалык баасы 18 млн 353 миң 990 сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 5,4 миллион сом каралган, калган каражат 2022-жылы бөлүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар