10:04
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Алымкадыр Бейшеналиев: Уу коргошун деп айтсак бейтаптар ичпей коет

Уу коргошундун тундурмасын күзүндө Токмок шаардык ооруканада жаткан бейтаптар ичишкен. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын баардыгы ковидден айыгып кетишкен.

«Күзүндө уу коргошун ичкен бейтаптардын тизмесин жарыялайбыз. Журналисттер барып өздөрү алар менен таанышса болот», — дейт ал.

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер бейтаптарга суюктукту аконит деп берип жатышканын белгиледи.

«Кыргызча уу коргошун деп аталат. «Уу» деген сөздү укса эле ичпей коюшу мүмкүн. Андыктан мен кечээ аконит деп берүүнү тапшырдым», — дейт ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги президент даярдап жаткан уу коргошундун тундурмасы боюнча клиникалык изилдөө жүргүзөт. Бирок, качан экени азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар