00:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто үч окуучудан вирус аныкталгандан кийин эки мектеп карантинге жабылды

Ошто үч окуучудан вирус аныкталгандан кийин эки мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Жетиган» жана «Олимп» мектептеринин окуучулары 14 күндүк онлайн окууга которулду.

«Окуучулардан вирус аныкталгандан кийин мектептер жабылды. Онлайн окуу болуп турат», — дейт мэрия.

Ошто үч окуучудан вирус аныкталган. Алар баары бир үй-бүлөнүн балдары, эки башка мектептерде окушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар