06:14
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстан менен Тажикстанда күйүүчү майдын баасы күн санап өсүүдө

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү май дагы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Жыл башынан бери Кыргызстанда мунай наркы күн сайын өсүп бензин 32 сомдон 45 сомго жетсе, дизел 40 сомдон ашты.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-марттагы отурумунда энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев күйүүчү май боюнча сандарга токтолду.

«Маалымат боюнча Орусиянын мунай заводдорунда 1 тонна бензин үчүн 100-150 долларга чейин көтөрүлөт. Демек, Кыргызстанда 7 сомдон 10 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Ал эми дизел заводдордо 40-60 долларга чейин көтөрүлсө, бул Кыргызстанда 3 сомдон 4 сом 80 тыйынга чейин жогорулашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт».

Азыр Бишкектеги май сатуучу жайларда АИ-95 бензини 44 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 42 сом 50 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 40 сом 90 тыйындан сатылып жатат. Жалпы жолунан январь айынан тартып бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулады.

Бул арада коңшулаш Тажикстанда да бензиндин баасы кымбаттап, 8,80 сомони (65,50 сомдун тегереги), алыскы аймактарында 9 сомониден сатылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар