06:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин ИИБ башчысы маркум Айзада Канатбекованы туугандарынан кечирим сурады

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.

«Баарыбызда кыз бар. Менин да кабыргам кайышып турат. Айзаданы убагында таап, өлүмдүн алдын албаганыбыз үчүн кечирим сурайм», -деди Матмусаев.

Ошол эле кезде ал журналисттердин кандуу окуяга байланыштуу «кызматтан кетесизби?» деген суроолоруна «азыр менин милдетим — кылмыштын бетин ачуу» деп жооп берди.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицины сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар