Бишкек мэриясы 55 жаштан өткөн жарандарга зарыл учурда гана үйдөн чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу вице-мэри Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаш курагы улгайып калган жарандар санитардык талаптарды бекем сактап, коомдук жайларга көп барбашы зарыл.
«Пенсиялык курактагы жарандарга үйдө болууну, зарыл учурда гана көчөгө чыгууну сунуштайбыз», — дейт ал.
Бишкекте эпидиомологиялык кырдаал курч катары бааланат. Акыркы суткада COVID-19дун 77 жаңы учуру катталды.