Бишкекте той жана башка иш-чаралага чектөө киргизилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖМК берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында чектөө киргизилет.
«Чечим бар. Биз аны бүгүн, же эртең жарыялайбыз. Той жана башка массалык иш-чараларга чектөө болот», — дейт ал.
Март айынан бери 88 миң 374 киши вируска чалдыгын, 1 миң 499 бейтап көз жумду.
Бүгүн бир суткада 98 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты.