Акыркы сутка ичинде 5 миң 493 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Белгилей кетсек, өткөн шейшемби күнү (23-мартта) 2 миң 571 ПЧР изилдөө болгон.
Ооруканага жаткырылгандардын дагы саны өсүүдө. Учурда 530 бейтап вирустан дарыланууда.
Алардын 115 оор, 22си өтө оор абалда.
Дагы 577 адам үйдөн дарыланууда.