Кыргызстанда эмдөөнүн биринчи күнү 100 адам вакцина алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, эмдөөгө кезекте тургандар бар.
«Медициналык кызматкерлердин көпчүлүгү ооруп, айыккан, ошондуктан алар азыр эмделбейт. Алардын вируска каршы көрсөткүчтөрү азайганда эмдөөдөн өтүшөт», — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталды. Ал 75 миң кишиге жетет. Алгач вакцинаны Бишкек, Ош жана Чүй облусунда алышууда. Биринчилерден болуп министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды.
Кыргызстан COVAX программасынын алкагында 2,6 миллион вакцина алары күтүлүүдө. Андан тышкары «Спутник V» вакцинасы дагы Кыргызстанга бекер берилери айтылды.