Бишкекте соода борбоолорундагы балдар аянттары кайра жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымында, балдар аянтчалары 1-апрелден тарта эки аптаган жабылат.
«Эпидиомологиялык кырдаалды сактоо үчүн соода борборлорунда санитардык талаптар күчөтүлөт. Бул убактылуу чара», — дейт ал.
Вице-мэр коомдук транспортто дагы текшерүүлөр күчөтүлүп, бет кап тагуу зарылдыгын белгиледи.