Кургак учук жуктурган аскерлердин саны 24кө жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Алар баары ооруканага жаткырылып, дарыланууда.
Эскерте кетсек, Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокерлерден кургак учук аныкталган.
Аскер прокуратурасы аталган аскер бөлүгүндө териштирүү жүргүзүүдө.