Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдын куймасын Евразия экономикалык бирикмесинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга алты айга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө кабарлоо тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мындай чаранын колдонулушуна эмне себеп болгону айтылган эмес.