14:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улукбек Марипов Ташкентте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, премьер-министр мекендештерге кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен биздин жолугушуубузга жана президенттин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн кубанычтамын. Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу биз айылга бара албай калдык, ошол эле учурда сиздердин аман-эсендигиңиздерден жана бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет», — деди Улукбек Марипов.

Диаспоранын өкүлү белгилегендей, учурда Өзбекстанда 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт.

«Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз. Бизде баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү мектептер болуп саналат. Мамлекет башчынын сапарынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилет деп ишенебиз», — деди Рахматулла Джаббанов.

Премьер-министр кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирин угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби