08:54
USD 84.80
EUR 101.98
RUB 1.11

Бишкекте вирус менен ооругандардын саны өсүүдө. Карантин күтүлбөйт

COVID-19дун үчүнчү толкуну Кыргызстанда баштала элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, вирустун жайылышы көзөмөлдө. Эртең эмдөө башталат.

«Кытай вакцинасы менен биринчилерден болуп өзүм эмделем», — деди ал.

Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекке катуу карантиндик чаралар киргизилбешин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда бүгүн 115 учур катталып, анын 66сы Бишкектен аныкталды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар