20:23
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Өлкөдөн сырткары жүргөн жарандар керектүү документтерди аралыктан ала алат

2021-жылдын 8-февралындагы «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана өкмөттүн биринчи кезектеги иш-чараларынын бекитилген планынын алкагында чет жакта жашаган жарандары «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап ала алышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим сыртта жүргөн жарандарга көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Ушул токтомго ылайык чет жакта жашаган жана жүргөн жарандар мамлекеттик органдардан чет өлкөдө жашаган жарандардын кайрылуулары боюнча «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында онлайн режиминде, ошондой эле альтернативдик ыкма (кагаз түрүндө) менен социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап алдыртып алуу мүмкүндүгүн алышат.

«Суратып алдыртып алуу» АМС алкагында салыктык карыз, пенсия, камсыздандырылган адамдын иш мезгилдери, никелешүү укугу, соттолгондугунун жоктугу жөнүндө маалым каттарды сурап, айдоочулук күбөлүктүн жана билими тууралуу документтердин аныктыгын жана башкаларды тастыктоого болот.

«Суратып алдыртып алуу» АМС ишке киргизүү мамлекеттик органдарынан чет жактагы арыз ээлерине дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден суралган маалыматтарды сунуштоо менен маалым кат берүү аркылуу маалыматтарды берүү мөөнөтүн кыскартууга шарт түзөт.

Берилген электрондук маалым каттар консулдук кызмат адамынын электрондук колу менен күбөлөндүрүлөт, анын аныктыгын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан текшерүүгө болот.

Бул чечимге премьер-министр кол койду. Токтом расмий жарыялан күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар