22:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары референдумга макулдук беришти

Бүгүн, 11-март күнү Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүгө макулдук берди.

Аталган мыйзам долбооруна бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат «макул», алтоо «каршы» добуш берди.

Белгилей кетсек, референдум дайындоо боюнча маселе кечээ, 10-мартта, экинчи окууда каралган. Үчүнчү окууда кароо боюнча айтылган эмес. Ал эми бүгүн үчүнчү окуудан дагы добуш берилди.

Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү «макул», тогузу «каршы» добуш берген.

Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Бул мыйзамга бүгүн кечке чейин президент кол коюшу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар