15:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Байден салтанатта сүйлөп жатып, коргоо министринин ысмын унутуп калды

АКШ президенти Жозеф Байден салтанатта сүйлөп жатып, өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин ысымын эстей албай койду. Бул туурасында The Sun маалымат булагы билдирет.

Ал Америка армиясынын катарында кызмат кылган аскер аялдарга арналган салтанатта сүйлөп жатканда Пентагондун жетекчиси жанында турган.

«Мен мурдагы генералга ыраазычылык билдирем. Мен аны генерал деп атайм, бирок менин... тээтиги жерде турган жигит, ушул аскердик мекемени жетектейт», — деген Байден министр Остин тууралуу.

Ошол эле учурда, буга чейин президент телесуфлердон окуп жатып коргоо министрин «Катчы Остин» деп атаган.

Байден, ошондой эле, Пентагондун аталышын да унутуп калган. Ал сүйлөп жатып Коргоо министрлигинин штаб-квартирасын «ушул балдар» деп айтып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби