Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинге кылыч тартуулады. Бул тууралуу ал «Россия газетасына» берген маегинде билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, кылычты кыргыздын мыкты усталары жасаган.
Маекте Садыр Жапаров Владимир Путинден коронавируска каршы эмдөөгө кыргыз мигранттарын дагы кошууну суранган.
«Эмдөө программасына мигранттар менен алардын үй-бүлөсүн киргизүүнү, же төлөп эмделүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү сурандым», — дейт Владимир Путин.