13:24
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Армения өкмөт башчысы өлкөдө төңкөрүш аракети болгонун билдирди

Армения премьер-министри Никол Пашинян өлкөдө аскердик төңкөрүш аракети болгонун билдирди. Ал аскерлерди «өз милдетин аткарып», өлкөнү коргоого чакырды.

25-февралда жыйырма миңдей тарапташынын коштоосунда Республика аянтына чыккан Пашинян армениялыктар аскердик төңкөрүшкө жол бербестигин кошумчалады.

Буга чейин армия Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган билдирүү жасаган. Өкмөт башчы муну «аскердик төңкөрүш аракети» катары баалап, өз колдоочуларын көчөгө чыгууга чакырган. Ушул эле күнү ал Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады.

Армениянын президенти Армен Саркисян тараптарды «сабырдуулукка» чакырды. Орусия Еревандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды күч колдонбой бир мунасага келүүгө үндөдү. Расмий Анкара демократиялык жол менен шайланган Пашиняндын өкмөтүн колдоорун айтты.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглу коңшу Армениядагы «мамлекеттик төңкөрүш аракетин» кескин сынга аларын билдирди.

25-февралда Ереванда Пашиняндын өкмөтүнө каршылардын дагы демонстрациялары өттү.

Былтыр сентябрда Тоолуу Карабакта болгон 6 жумага созулган куралдуу жаңжалдан кийин Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар күч алган болчу.

Армян оппозициясы ок атышууларды токтотуу боюнча Армения, Азербайжан жана Орусиянын үч тараптуу келишимине кол койгондугу үчүн Пашинянды айыптап келишет. Ал өз өлкөсүнүн кызыкчылыктары үчүн ушул кадамга аргасыздан барганын билдирген.

Келишимге ылайык 44 күнгө созулган куралдуу кагылышта Азербайжан 1990-жылдардын башына чейин өзү көзөмөлдөгөн аймактарды эле эмес, дагы бир катар райондорду, анын ичинде Карабактын байыркы борбору Шуша шаарын да караткан.

Эң көп окулган жаңылыктар