12:46
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров Россия менен кайчылаш жылды улантууну сунуштады

Президент Садыр Жапаровдун «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү санына «Өнөктөштүк байланыш» аттуу макаласы жарыяланды.

Анда ал Кыргызстан менен Россия элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган.

Россия менен Кыргызстандын 19-кылымдан берки ымаласына саресеп салып, орус тили кыргызстандыктар үчүн замабап маданият, адабиятты үйрөнүүдө кубаттуу курал экенин баса белгиледи.

«Негизги маалыматты биз орус тилинде алабыз. Коомдогу негизги байланыш тили катары жаштар, актер, ырчылар баары бул тилде сүйлөп, орус тилинде мыйзамдар, ар түрдүү жарнамалар жазылууда. Кыргыз тили да орус тили менен катар өнүгүшү керек. Биздин өлкөдө орус тили — расмий тил эле эмес, улуттар аралык пикир алышуу тили. Мыйзамдар менен корголуп, статусу Конституцияда бекиген, мен өлкөдөгү ар бир атуулдун эркиндигин, кепилдигин президент катары бул маселени саясий өңүттө ар кимдин өз максатына колдонушуна жол бербейм. Муну менен катар заманбап жашоодо англис тили баштаган экиден көп тилди үйрөнүү тенденциясы калыптанды. Мен өсүп келе жаткан муунду чет тилдерди терең өздөштүрүүгө чакырып, англис тили эл аралык баарлашуунун тили экенин айткым келет», — деп жазган Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар