21:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Каныбек Исаковдун ысмын ОшМУга ыйгаруу сунушталууда

Бүгүн, 18-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышууда.

Сессиянын күн тартибинде Ош шаарынын 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023- жылдарга божомолун, 2021-2023- жылдарга Ош шаарынын социалдык -экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө маселе каралып, 2021-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 1 миллиард 357 миллион 700 миң сом болуп бекитилди.

Мындан тышкары, Ош Мамлекеттик университетине мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун ысмын ыйгаруу сунушталды.

Эске салсак, 51 жаштагы Каныбек Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмониядан кайтыш болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар