22:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бириккен араб эмиратынын фонду Кыргызстанга билим берүү комплексин курат

Бириккен араб эмиратынын Аль Мактум фонду Кыргызстанга билим берүү комплексин курат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарында макулдашылды.

Маалыматка ылайык, министр Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль Хаммади менен жолугушуу өткөрдү.

«Аль Мактум атындагы фонд тарабынан Кыргызстанда билим берүү комплексинин курулушу макулдашылды. Жакынкы убакта даталар такталгандан кийин, билим берүү комплексинин курулушуна даярдыктарды баштоо үчүн Фонддун делегациясынын Кыргызстанга келиши күтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума