02:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаров Россияга иш сапарынын алдында 9 күн обсервацияда болот

Президент Садыр Жапаров 15-февралдан тарта аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анда учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштеп жаткандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 24-25-февралда Москвага иш сапар менен барат. Анын Россиянын жетекчиси Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 9-майда Москвада Улуу Жеңишке арналган парадка катыша албай калган. Аны коштогон топтун мүчөлөрүнөн вирус табылып, кыргыз башчысы башка президенттер менен жолугушууга киргизилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар