07:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард кубометрге түштү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 655 миллион кубометрге түштү. Бул тууралуу «Электр станциялар» ишканасы билдирди.

Алардын маалыматынла, секундасына 177 кубометр суу келип, 698 кубометр чыгымдалууда.

Өткөн жылдын декабрь айынын башында Токтогулда 16 миллиард кубометр суу болгон.

Өкмөт быйыл суу аз топтолорун айтып, электр энергиясын үнөмдөө үчүн жапырт өчүрүүлөр болбостугун убадалаган.