Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Курманбек Дыйканбаев 24-январга чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаевды экс-президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өкүл кылып бекиткен.
УКМКнын маалыматында, ал парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 миллион сом акчаны коркутуп алган. Ал каражатты Курманбек Дыйканбаев үгүт иштерине короткон.