«Коомчулук киргизилген чектөөлөрдү «формалдуу» деп эсептөөдө. Бул андай эмес. Бул чектөөлөрдүн бардыгы өз убагында туура киргизилген. Буга чейин бир нече экономикалык багыттагы чектөөлөр алынып салынган», — деди бүгүнкү брифингде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.
Айтымында, облустардагы жана шаарлардагы атайын түзүлгөн штабдардын чечими менен ошол региондогу эпидкырдаалга жараша иш-аракеттер жандандырылат же токтотулат. Аларга ушундай укуктар берилген.
«Эгерде аймактагы штабдар уруксат берсе, ал жердеги экономикалык активдүүлүк жандандырылат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткарыңыздар. Оорунун көбөйүп кетишине сиздер дагы себепкер болуп кетпеңиздер», — деп эскертти Сурабалдиева.