Өкмөт башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна барды.
Ал Баткен районундагы Көк-Таш — Тамдык жана Ак-Сай — Рават автожолдорунун курулуш менен таанышып чыкты.
Ошондой эле Садыр Жапаров Аксай-Рават жолунун курулушу менен таанышты. Аталган каттам Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа каттамын камсыз кылуу максатында курулууда.
«Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары — менин көңүл чордонумда дайыма турат. Баткен — Кыргызстандын картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз», — деди Садыр Жапаров.
Ал учурда Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө.