12:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев тергөө абагындагы шарттарга даттанды

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери № 1 тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаевге жолугуп келишти.

Алардын 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, мурдагы президент төрт орундуу камерада отурат. Алмазбек Атамабаев камеранын ичи суук экенин айтты.

«Ал ачкачылык жарыялап, сот отурумдары ачык тартипте өтүүсүн, жана аны № 47 абагына которуусун талап кылууда. Учурда Батукаевди бошотуу боюнча сот отуруму жабык өтүүдө. Мындан тышкары, мурдагы президент медициналык жардамга муктаж болгондуктан, аны № 47 абагына которуу керек», — дешет борбордун кызматкерлери.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратышты. Буга чейин аны УКМКнын тергөө изоляторунда кармашкан. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү аны бошотушкан. 9-октябрда ал Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, эртеси күнү аны кайта кармап кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби