05:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук иштер менен алектенет

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук иштер менен алектенет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрүн үй-бүлөсүнө, жакындарына багыштамакчы.

«Ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып «тажрыйбамды элдин кызыкчылыгы үчүн колдонууга даярмын» деп айтты. Ал коомдук иштер менен алектенет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, мурдакы президент бүгүн отставкага кетти. Ал экс-өлкө башчысы макамын жана баардык ыйгарымдарын сактап калат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума