Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук иштер менен алектенет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрүн үй-бүлөсүнө, жакындарына багыштамакчы.
«Ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып «тажрыйбамды элдин кызыкчылыгы үчүн колдонууга даярмын» деп айтты. Ал коомдук иштер менен алектенет», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Белгилей кетсек, мурдакы президент бүгүн отставкага кетти. Ал экс-өлкө башчысы макамын жана баардык ыйгарымдарын сактап калат.