11:31
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Депутаттар Бишкек шаарындагы өзгөчө абал режимин жокко чыгарды

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулган депутаттар күн тартибине биринчи маселе катары киргизип, өзгөчө абал режимин алып салууну колдоп беришти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрь күнү кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Натыйжада 13-октябрда парламент дагы колдоп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар