09:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Бул боюнча анын кайрылуусунда айтылат.

Өлкө башчысы Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын белгилейт.

«Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды», — дейт президент.

Сооронбай Жээнбеков бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турганын белгилейт.

«Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам. Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик». — дейт өлкө башчысы.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт.

Сооронбай Жээнбеков.
Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам.
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби