Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын премьер-министрин жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:
— Жапаров Садыр Нургожоевич премьер-министр кызматына;
— Новиков Артем Эдуардович биринчи вице-премьер-министр кызматына;
— Мамытканов Максат Сүйүналиевич вице-премьер-министр кызматына;
— Исмаилова Аида Жекшенбаевна вице-премьер-министр кызматына;
— Сабиров Равшанбек Азатович вице-премьер-министр кызматына;
— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович өкмөт аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;
— Казакбаев Руслан Айтбаевич тышкы иштер министри кызматына;
— Ниязбеков Улан Омоканович ички иштер министри кызматына;
— Жаманкулов Марат Тургунбаевич юстиция министри кызматына;
— Мукашев Кыялбек Белекович каржы министри кызматына;
— Муканбетов Санжар Турдукожоевич экономика министри кызматына;
— Чодуев Эркинбек Урайымович айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;
— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич транспорт жана жолдор министри кызматына;
— Ажикеев Бообек Эргешович өзгөчө кырдаал министри кызматына;
— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич билим берүү жана илим министри кызматына;
— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттыкты сактоо министри кызматына;
— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;
— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;
— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;
— Исмаилов Алтынбек Жапарович маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.