09:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сентябрь айында салык чогултуу планы 1 миллиард сомго ашыкча аткарылды

2020-жылдын сентябрь айына карата салык чогултуу планы 17,1 пайызга же 1 миллиард 31,8 миллион сомго ашыкча аткарылды. Бул маалыматты Мамлекеттик салык кызматы таркатты.

Ага ылайык, сентябрда 7 миллиард 64,4 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 609,5 миллион сомго өстү.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын ичинде 55 миллиард 55,2 миллион сом салык чогултулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума