20:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда Covid-борбордогу жарылуудан кеминде бир киши мерт болду

Өзбекстандын Гүлистан шаарындагы «Алпомиш» спорттук комплексинде кычкылтек баллону жарылып, коронавирустан дарыланып жаткан бир адам каза болгону аныкталды.

Сырдарыя облустук саламаттык сактоо башкармалыгы бул маалыматты ырастады. Окуя 7-октябрда болгон.

Бирок өзбек тилдүү социалдык медиа «ондогон адамдар өлгөнү» тууралуу жазууда. Каза болгондордун арасында жасалма өпкө жабдуусу өчүрүлгөн бейтаптар да болушу мүмкүн деп жазгандар бар.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бул борбордо дарыланган эки адамдын сөөгү туугандарына берилгенин аныктады.

Коронавирус коңшу Өзбекстанда акыркы күндөрү күчөп жатканы айтылууда. 11-октябрда вирус 328 кишиден аныкталды. Жалпы ооругандар 60 миңден ашып, 503 киши каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар