18:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков Генштабдын башчысын жана Бишкек коменданттын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
 
Жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
 
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскер кызматкерлери кызмат кылуусун, анын ичинде Бишкек шаарынын комендатурасы менен өз ара аракеттешүүсүн улантып жатканын маалымдады.
 
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров кечээ жакында Бишкек шаарында 5-6-октябрь күндөрүндөгү окуялардын жүрүшүндө жаракат алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин абалынан кабар алганын билдирди. Жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума