15:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

2020-жылдын 7-октябрынан тарта, муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.

Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.

Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн, ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума