04:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Роза Отунбаева: Сооронбай Жээнбеков азыр отставкага кете албайт

Мурдакы президент Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетишин колдобойт. Бул тууралуу ал бүгүн 24.kg агенттигине билдирди.

Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Анын айтымында, өлкө башчысы менен акыркы кырдаалды талкуулады.

«Сооронбай Жээнбеков азыр отставкага кете албайт. Анткени ал өз элине, өлкөгө ант берген. Ал азыр өлкөгө бекем калканч болуп колдошу керек», — дейт Роза Отунбаева.

Анын пикиринде, өлкө башчысы мамлекетти укуктук талаага кайтарып келиши керек.

5-октябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү. Анда 12 партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын басып алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар